Колдонуу шарттары

Legal Policy Image

МААНИЛҮҮ! БУЛ САЙТТЫ КОЛДОНУУДАН МУРДА БУЛ ШАРТТАРДЫ КУНТ КОЮП ОКУП ЧЫГЫҢЫЗ. Бул сайтты колдонууңуз жана бул сайттагы жеткиликтүү маалымат төмөнкү шарттар жана жоболор менен жөнгө салынат:

Менчик укугу – Бул сайт www.kimberly-clark.com – KIMBERLY-CLARK CORPORATION ("Kimberly-Clark") компаниясына таандык, ал тарабынан иштетилет жана тейленет. Бул сайт маалымат берүү, окутуу, көңүл ачуу жана байланышуу үчүн түзүлгөн. Бул сайт жана андагы кабыл алынуучу бардык компоненттер, анын ичинде (бирок булар менен чектелбестен) текст, сүрөттөр жана аудио Kimberly-Clark тарабынан автордук укук менен корголгон.

Колдонуу боюнча чектөөлөр – Бул сайт бир гана жеке, коммерциялык эмес максатта колдонууга багытталган. Бул сайттын баарын же бир бөлүгүн көчүрүүгө, кайра чыгарууга, кайра жарыялоого, жайгаштырууга, таркатууга, өткөрүүгө же өзгөртүүгө уруксат жок.

Соода белгиси жөнүндө эскертүү – Бардык аталыштар, логотиптер жана соода белгилери Kimberly-Clark’тын менчиги болуп эсептелет жана мындай материалдардын эч бирин Kimberly-Clark’тын жазуу түрүндө берген макулдугусуз эч кандай максатта колдонууга болбойт.

Суралбаган идеялар – Kimberly-Clark өнүмдөрүбүз жана компаниябыз жөнүндө пикирлериңизди угууга жана суроолоруңузга жооп берүүгө ынтызар. Бирок, өнүмдөрүбүздү иштеп чыгууга, жасалгалоого, өндүрүүгө же маркетинг жүргүзүүгө байланыштуу суралбаган идеяларды, сунуштарды же материалдарды күтпөйбүз жана кабыл ала албайбыз. Бул саясатты кармануу менен Kimberly-Clark'тын жумушчулары тарабынан иштелип чыккан өнүмдөргө же концепцияларга байланыштуу пикирлерди же идеяларды тапшырган коомчулуктун мүчөлөрү ортосундагы түшүнбөстүктөрдүн алдын алабыз деген үмүттөбүз.

Эгер сизди Kimberly-Clark жумушка алса, бул сайтта берилген материалдардын эч бири эмгек келишиминин бир бөлүгү же баары катары эсептелбейт жана андай каралбашы керек. Мындан тышкары, айтылган билдирүүлөр өз жумушчулары менен ыктыярдуу түрдө мамиле кылган Kimberly-Clark тарабынан берилген кепилдик же милдеттенме болуп эсептелбейт.

Ачыкка чыгаруу жана Сиз менен болгон байланыштын колдонулушу - Бул сайтка жайгаштырылган нерселер жана Kimberly-Clark’га жеткирилген электрондук каттар купуя материал эмес жана алардын колдонулушуна же ачыкка чыгарылышына Kimberly-Clark жоопкерчиликте эмес. Бул сайтка же Kimberly-Clark’ка сиз электрондук почта аркылуу жөнөткөн бардык каттар жана башка материалдар (анын ичинде суралбаган идеялар, сунуштар же материалдар жана башка нерселер) Kimberly-Clark’тын жалгыз жана эксклюзивдүү менчиги болуп калат жана аны Kimberly-Clark эч кандай компенсациясыз коммерциялык же башка каалаган максатында колдонушу мүмкүн.

Юрисдикция – Бул сайтта эскерилген өнүмдөр Америка Кошмо Штаттарында жеткиликтүү жана алар сиздин өлкөдө жеткиликтүү болбошу керек. Бул сайтта Kimberly-Clark Америка Кошмо Штаттарынан көзөмөлдөп, иштетет жана Kimberly-Clark бул сайттагы маалымат жана материалдар, анын ичинде (бирок чектелбестен) бул жерде аныкталган өнүмдөрдү жарнамалоочу маалымат жана башка материалдар башка жерлерде колдонууга ылайыктуу же жеткиликтүү экендигине өкүлчүлүк кылбайт. Андан тышкары, бул сайттагы айрым программа Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтү тарабынан мажбурланган экспорттук көзөмөлгө дуушар болушу мүмкүн жана аларды АКШ эмбарго жарыялаган өлкөгө (же өлкөнүн жаранына, тургунуна) жүктөп алууга, башка жол менен экспорттоого же реэкспорттоого болбойт. Эгер программаны жүктөп алсаңыз же колдонсоңуз, мындай өлкөнүн же мындай тизменин ичинде же көзөмөлүндө эместигиңизге өкүлдүк жана кепилдик бересиз.

ГАРАНТИЯЛАРДАН БАШ ТАРТУУ – KIMBERLY-CLARK БУЛ САЙТТАГЫ КОНТЕНТТИН (ТЕКСТ ЖАНА СҮРӨТТӨР) ТАКТЫГЫНА, ИШЕНИМДҮҮЛҮГҮНӨ ЖЕ ТОЛУКТУГУНА ЭЧ КАНДАЙ ӨКҮЛДҮК ЖЕ КЕПИЛДИК БЕРБЕЙТ. МЫЙЗАМ УРУКСАТ БЕРГЕН ЧЕНЕМДЕ, KIMBERLY-CLARK АНЫК ЖЕ КЫЙЫР КЕПИЛДИКТЕРДИН БААРЫНАН, АНЫН ИЧИНДЕ (БИРОК БУЛАР МЕНЕН ЧЕКТЕЛБЕСТЕН) КОММЕРЦИЯЛЫК ЫЛАЙЫКТУУЛУККА ЖАНА БЕЛГИЛҮҮ БИР МАКСАТКА ЫЛАЙЫКТУУЛУККА КЫЙЫР КЕПИЛДИКТЕН БАШ ТАРТАТ. МЫНДАН ТЫШКАРЫ, KIMBERLY-CLARK БУЛ САЙТТА ЖЕ АНЫ ИШТЕТКЕН СЕРВЕРДЕ КОМПЬЮТЕР ВИРУСТАРЫ ЖОК ДЕП КЕПИЛДИК БЕРБЕЙТ.

Жоопкерчиликти чектөө – Kimberly-Clark ар кандай зыяндар, анын ичинде (бирок чектелбестен) бул сайтка кирүүңүздөн же кире албагандыгыңыздан улам келип чыккан, же болбосо бул сайтты же андагы контентти колдонууңуздан же ага ишенүүңүздөн улам келип чыккан атайын же кыйыр зыяндар үчүн жоопкерчиликте болбойт. Мындан тышкары, Kimberly-Clark бул сайтты же андагы контентти жаңыртууга милдеттүү эмес жана мындай маалымат жаңыртылбагандыгы үчүн Kimberly-Clark жооптуу эмес. Бул сайттагы айрым шилтемелер аркылуу кирген башка вебсайттарды колдонууңуз үчүн Kimberly-Clark жоопкерчиликтүү да, милдеттүү да эмес. Бул сайтта камтылган бул шилтемелер жана башка “булактар” жөн гана Дүйнөлүк Желенин колдонуучулары үчүн ачык кызмат катары берилген жана алардын сайтыбызда жайгашуусу Kimberly-Clark тарабынан колдоого алынганын же ага байланышын билдирбейт.

Вебкасттар – Бул вебкасттар инвесторлордун жана башка кызыккан тараптардын ыңгайы үчүн биздин вебсайтта ойнотууга жеткиликтүү кылынган. Бул вебкасттарда камтылган маалымат вебкаст жарыяланган күнгө туура келет жана Kimberly-Clark мындай маалыматты жаңыртуу милдетинен баш тартат.

Тышкы финансылык маалымат – Бул маалыматты колдонуучунун ыңгайы үчүн жайгаштырдык жана биз аны жаңыртпайбыз.

Башка – Kimberly-Clark жеке өзүнүн көз карашында төмөнкүдөй кылууга укуктуу: (1) бул Юридикалык билдирүүнү өзгөртүүгө, (2) постторду көзөмөлдөп, алып салууга жана (3) сайттын жеткиликтүүлүгүн каалаган убакта эскертүүсүз токтотууга. Эгер бул Юридикалык билдирүүнүн кайсы бир мөөнөтү, жобосу же шарты мыйзамсыз, жараксыз, жоюлган же ар кандай себептерден улам аткарылгыс деп аныкталса, ал калган мөөнөттөрдүн, жоболордун жана шарттардын жарактуулугуна жана аткарылуусуна эч кандай кесепетин тийгизбеши керек же алар бузулбашы керек. Бул Юридикалык билдирүүдө бул жердеги каралган маселеге байланыштуу из менен Kimberly-Clark’тын ортосундагы бүтүндөй келишим баяндалган.

Бул сайтты колдонуу менен, сиз жогоруда айтылган жоболорго жана шарттарга макулдугуңузду билдиресиз. ЭГЕР БУЛ ШАРТТАР МЕНЕН ЖОБОЛОРГО МАКУЛ БОЛБОСОҢУЗ, БУЛ САЙТТЫ КОЛДОНБОҢУЗ.